Өкмөттө стратегиялык долбоорлор каралды

Өкмөттө стратегиялык долбоорлор каралды

Казакстан Европа менен Азиянын ортосундагы санариптик транзиттик хаб катары ролун күчөтүүдө. 2026-жылдын аягына чейин өлкөнүн эл аралык маалыматтарды берүү үлүшүн көбөйтүү пландаштырылууда. Өкмөт бул максатта ишке ашырылып жаткан ири долбоорлордун жүрүшүн карап чыкты. Бул максатта Транскаспий магистралы менен Батыш-Чыгыш гипермагистралынын курулушу жүрүп жатат. Ири демилгеге жумшалган каражаттын көлөмү 30 миллиард теңгеден ашат. 2025-2030-жылдар аралыгында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагына жалпысынан 1,3 триллион теңгеге жакын инвестиция тартуу пландаштырылууда. Бул мезгил аралыгында 20 миңге жакын IT стеллаждары бар  III деңгээлден төмөн эмес 10 дарек-борборун  ишке киргизүү пландаштырылууда. Учурда Казакстан тармакты өнүктүрүү үчүн OneWeb, Starlink, Shanghai Spacecom Satellite Technology жана Amazon Kuiper сыяктуу эл аралык компаниялар менен кызматташууну орнотту.  Жыйында ошондой эле өлкөнүн энергетика тармагындагы потенциалы каралды. 2035-жылга чейин 26 ГВтдан ашык кошумча энергияны өндүрүү боюнча комплекстүү программа ишке ашырылууда.Бүгүнкү күндө бул көлөмдүн жарымынан көбүн камтыган долбоорлор ар кандай этаптарда иштелип чыгууда. Жалпысынан өлкө боюнча 230 электр станциясы иштейт, анын 156сы энергиянын кайра жаралуучу булактары.

Которгон: Назира Бегалиева