Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлери съезди - глобалдык коопсуздуктун кепили

Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлери съезди - глобалдык коопсуздуктун кепили

Астана кийинки айда дагы дүйнөлүк диалог аянтчасына айланат. Борбор калаада аяк оона айынын 17-18 күндөрү Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин сегизинчи съезди өтөт. Ири иш-чарага дүйнөнүн 60 мамлекетинен жүздөн ашык делегат катышат деп күтүлүүдө. Жыйындын башкы пленардык отуруму «Диндердин диалогу: келечек жолундагы синергия» деген темада болот. Панелдик сессияларда азыркы дүйнөдөгү - санариптештирүү жана жасалма интеллектти өнүктүрүү доорундагы ишеним маселелери, ошондой эле тынчтыкты орнотуу дарамети жана дүйнөнүн туруктуу өнүгүүсүндөгү диндин ролу сыяктуу актуалдуу темалар каралат.

Дархан Кыдырали, Парламент Сенатынын депутаты:

- Съезддин масштабы азыр кеңейип баратат. Анын географиялык аймагы да, ошону менен бирге жаштарды камтуу, тематикалык чөйрөсү да кеңейип баратат. Мурда тек гана диний, руханий темалар козголсо, азыр дүйнөдөгү туруктуу өнүгүү, экологиялык коопсуздук, жасалма интеллект, дүйнөнүн келечекке болгон көз карашы жана башка да коопсуздук маселелери күн тартибине чыгып отурат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков