Астанада Яссауи Агытаевдин жеке көргөзмөсү ачылды

Астанада Яссауи Агытаевдин жеке көргөзмөсү ачылды

«Салттарга толгон жашоо. Дал ушундай аталышта улуттук музейден орун алган Яссауи Агытаевдин жеке көргөзмөсү ачылды. Анда ата мекендик кылкалем чеберинин 70тен ашык тандалган эмгектери менен таанышууга болот. Казак элинин улуттук маданияты, кайталангыс салттары көркөм чыгармалардын жаралышына негиз болгон. Анын ар бир чыгармасы Улуу талаа көчмөндөрүнүн жашоо образы жана өз мекенинин жаратылышынын кайталангыс кооздугу менен тыгыз байланышта. Яссауи Агытаев өз чыгармасында «кудалашуу», «сөйкө салуу», «кыз узатуу», «бет ачаар», «тушоо кесүү», «бешике салуу» сыяктуу салттардын маңызын ачууга аракет кылат. Муну менен чебер ата мекендик маданияттын кайталангыс үлгүлөрүн боёк тили менен элге жайылтууну жана жандандырууну максат кылат. Жазуучу шыктандырган темалар асыл элдин адеп-ахлактык үрп-адатынан, бай тарыхынан жаралганын айтат. Атайын көргөзмө менен Астананын тургундары жана шаар коноктору баш оона айынын аягына чейин тааныша алышат.

Яссауи Агытаев, Сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү:

2019-жылы мен Кипрде 60 күн иштеп, сүрөт тарттым. Ал жерде жеке көргөзмөмдү жасадым. Анан мага бир ой келди. Эмне үчүн биздин Казакстандын борборуна көргөзмө кылбайм деген? Мен бүгүнкү күнгө чейин бир аз даярдандым. Улуттук жанрда иштейм. Мисалы, айыл же шаар турмушу, той, кыз узатуу, сүннөт той, бет ачар болобу, мен казактын салттуу турмушун тартам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков