Ушул дем алыш
күндөрү Jibek Joly/Силк вей телеканалынын эфиринде Silk Way Star вокалдык
сынагынын үчүнчү эпизоду көрсөтүлөт. Бул жолу катышуучулар казак ырларын
аткарышат. Алардын аткаруусунда легендарлуу жана сүйүктүү чыгармалар жаңыча
угулат – артисттер аларды ар кандай тилдерде – корей, кытай, тажик, өзбек жана
башка тилдерде тартуулашат. Эске сала кетсек, өткөн чыгарылышта катышуучулар
Queen тобунун, Уитни Хьюстон, Кристина Агилера жана башка ырчылардын популярдуу
ырларын аткарышкан. Анда калыстар тобу Малайзиядан келген Язмин Азиздин,
Казакстандан келген Алемдин жана Армениядан келген Саро Геворгяндын
аткарууларына жогору баа беришкен.
Которгон: Илгиз Жамлабеков

