Аваза шаарында чет элдик коноктор түркмөн улуттук бий
өнөрү жана байыркы фольклору менен таанышты. Каспий деңизинин жээгиндеги шаар
үч күн бою өлкөнүн бардык булуң-бурчунан гана эмес, Тажикстан, Өзбекстан, Иран
жана Индиядан келген чыгармачыл топторду кабыл алды. Артисттер эски
хореографиялык композицияларды тартуулап, элдик ырларды аткарышты.
Өнөр жамааттарынын «Куштепди» бийин бирге аткаруусу
фестивалдын көрүүчүлөрүн, конокторун өзгөчө таасирге бөлөдү. Чыгарма 2017-жылы
ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине
киргизилген. Эл аралык фестиваль дүйнө элдеринин маданий мурастарын изилдөөгө,
маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.
Зилола Багирова, Өзбекстан өкүлү:
- Биз өзүбүздүн Лязги, Бухар, Андижан, Ташкент аймактарынын
салттуу бийлерин көрсөттүк. Башкача айтканда, бий аркылуу өз маданиятыбызды таанытабыз.
Муштари Насруллоева, Тажикстан өкүлү:
- Мен сиздердин өлкөңүздөрдө болгонума абдан кубанычтамын.
Абдан кооз. Сапарым менен тажрыйбам жашоомдогу эң сонун окуялардын бири болот
деп ишенем. Мындагы адамдар абдан мээримдүү жана меймандос экен.
Винит Рагванши, Индия өкүлү:
- Иран, Өзбекстан жана Түркмөнстан сыяктуу ар кайсы
өлкөлөрдүн таланттуу артисттеринин арасында өнөр көрсөтүү биз үчүн чоң сыймык. Биз
талантыбызды көрсөтүүнү чыдамсыздык менен күтөбүз. Маданият, музыка жана бий
менен бөлүшүүгө ушундай мүмкүнчүлүк берген уюштуруучуларга ыраазычылык
билдиребиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

