Дүйнөлүк көчмөндөр оюну бүткүл дүйнөнүн көңүл борборунда. Масштабдуу мелдештин ачылыш аземинин түз эфирин чет элдик көрүүчүлөр да көрүштү. Беттешти чыдамсыздык менен күткөндөрдүн бири Татарстандан келген Шейхутдиновдордун үй-бүлөсү. Спорт десе ичкен ашын жерге койгон үй-бүлөнүн бир мүчөсү учурда көчмөндөр оюндарына калыс катары катышууда. Казак жеринде өтүп жаткан спорттук мелдештин жүрүшүн жакынкы күндөрү да көрүүнү улантабыз дешет. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Татарстандан 50гө жакын адам катышып жатат. Алар улуттук спорттун кореш, казак күрөш, эр-эңиш сыяктуу түрлөрү боюнча күч сынашат.
Фаннур Шейхутдинов, Казань шаарынын тургуну:
– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы абдан жогорку деңгээлде өттү. Ага катышкан мамлекеттердин көптүгү өзгөчө кубандырат. Мындан беш-алты жыл мурун атабыз да ушул оюндарга барган. Ошондон бери үзбөй көрөбүз. Айрыкча улуттук оюндардын ар түрдүүлүгү кызыктуу.
Фарид Шейхутдинов, Татарстан республикасынын ага машыктыруучусу:
– Казакстанда өткөн көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи абдан таасирдүү болду. Бул жолу катышуучу өлкөлөрдүн саны мурунку мелдештерге караганда алда канча көп. Ошон үчүн мелдештин кызыганы бышык. Андыктан, ар бир мелдеш атаандаштыкта өтөт деп ишенем. Көчмөндөр оюндарынын эл аралык мааниси чоң. Буга оюндарга чогулган өлкөлөрдүн саны далил.
Которгон: Илгиз Жамалбеков