Климаттын өзгөрүшү, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү, кайра жанма энергия булагы-долбоорлорун илгерилетүү жана «жашыл» долбоорлорго инвестицияларды тартуу маселелери. Бул темаларды Астанада төртүнчү эл аралык «ECOJER» конгрессинин катышуучулары козгошту. Салт боюнча анын аянтчасына серепчилер, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес жана эл аралык тармактык уюмдардын өкүлдөрү чогулуп, натыйжалуу чечимдерди таап, Казакстандын «жашыл экономикага» системалуу өтүшү боюнча өз сунуштарын айтышты. Иш-чаранын алкагында өлкө 2019-жылы кошулган PAGE программасынын аралык жыйынтыктары көрсөтүлдү. Анын ишине БУУнун бир нече институттары тартылган. 5 жылдын ичинде алардын жардамы менен, ошондой эле Европа Союзу жана Түштүк Кореянын айрым өлкөлөрүнүн каржылык колдоосу астында республикада комплекстүү иштер жүргүзүлдү. Анда республиканын жашыл экономикасын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жана анын энергетикалык тармагына өтүү маселелерине токтолушту.
Ангус Маккей,
БУУнун окуу жана илимий-изилдөө институтунун мудүрү:
- Биздин
программабыздын жана Казакстандагы ишибиздин 2019-жылы башталган биринчи фазасы
улантылат. Эми биз келечекте каржылоо маселелерине, жашыл экономикага өтүүнү
колдоого көбүрөөк каржылоону кантип алууга боло тургандыгына көңүл бурабыз. Казакстан
глобалдык деңгээлде жашыл демилгелердин активдүү катышуучусу болуп саналат. Өлкө
бул багытта аймактык өнөктөштөр менен биргеликте иш алып барышы керек.
Лаззат
Рамазанова, «ECOJER» кеңеши ассоциациясынын төрагасы:
- Мен
биргелешип иштелип чыга турган сунуштар бул жерде жарандык коомдун катышуусуна
басым жасап, биздин стратегияны ишке ашыруунун так планын конкреттүү кабыл
алууга алып келиши керек деген ишенимдемин.
Которгон: Илгиз Жамалбеков