Өлкөдө заманбап УЗИ аппараттары жана компьютердик томографтар чыгарылат. Казакстанда саламаттыкты сактоо тармагына арналган жабдуулар менен санариптик чечимдердин дүйнөдөгү алдыңкы компаниясы өз өндүрүшүн ачууга ниеттенүүдө. Мындай келишимге президент Касым-Жомарт Токаевдин АКШга жасаган иш сапарынын алкагында жетишилгени белгилүү. Тараптар алкактык келишимге кол коюшту. Кызматташтык тууралуу документте башка да тармактык артыкчылыктар камтылган. Узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн алкагында бир катар биргелешкен инвестициялык долбоорду ишке ашыруу көздөлгөн.
Елена Легезина, медициналык
жабдыктар өндүрүшү компаниясынын Орусия / КМШ боюнча президенти жана аткаруучу
мүдүрү:
- Бул алкактык макулдашуу 4
негизги багытты камтыйт. Биринчиси, Казакстандын аймагында өндүрүшүбүздү
түзүүгө байланыштуу. Ошондой эле, кызматтык колдоо чөйрөсүн кеңейтүү. Муну
менен катар, адистерди окутуу программалары. Төртүнчүсү, медициналык
инфраструктураны санариптештирүүнү колдоого байланыштуу.
Дүйнөгө белгилүү фармацевтикалык холдинг да өлкөдө өз өнүмдөрүн чыгарууга кызыктар. Дүйнөлүк ири компания өлкө аймагына дары-дармек чыгаруучу завод курууга даяр экенин билдирди. Саламаттыкты сактоо министри Ажар Гинияттын айтымында, жаңы ишканада вакцина чыгарууга артыкчылык берилет.
Ажар Гиният, Саламаттыкты сактоо
министри:
- Пневмококк инфекциясына каршы
вакцина жасалат. Бул вакцина пневмонияга каршы болгондуктан, көбүнчө кичинекей
балдар эмделет. Ошол эле учурда, дүйнө жүзү боюнча кары-картаңдар, өзгөчө өпкө
оорулары менен ооруган адамдар илдети күчөп кетпеши үчүн ушундай вакцина менен
эмделет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков