Казакстан Украинага гуманитардык жардам жөнөттү. Жүк ташуучу учак Алматыдан Польшанын Катовице шаарына жөнөп кетти. Гуманитардык жардамдын жалпы салмагы 28 тоннаны түзөт. Анда антибиотиктер, сезгенүүгө каршы жана жөтөлгө, гипертонияга каршы дары-дармектер, анын ичинде 17 түрдүү дары-дармектер жана санитардык буюмдар бар. Эске салсак, Казакстан менен Украинанын президенттери жалган куран айынын башында гуманитардык тармакта кызматташуу боюнча макулдашкан. Ошентип, өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги менен Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги Алматы-Катовице багыты боюнча гуманитардык жүктөрдү аба аркылуу ташуу маселесин биргелешип чечишти. Белгилей кетсек, кийинки каттам жалган куран айынын 15 учат.
Шолпан Адилбекова, «СК Фармация» ЖЧК өкүлү:
- Казакстан президентинин тапшырмасы менен дары-дармектердин бир нече түрү жөнөтүлүүдө. Ал эки рейс менен аткарылат. Жалган куран айынын 14 жана 15. Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо жана Ички иштер министрлигинин жардамы менен Алматы-Катовице-Польша аркылуу гуманитардык жардам жөнөтүлүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков