Таш жүрөк өгөй эне, падышанын кызы жана шайыр эргежээлдер. «Астана Операнын» балет труппасы белгилүү жомокту бийдин тили менен айтып берет. Борбор калаанын сахнасында авторлор тарабынан «Аяз кыз жана жети эргежээл» балети коюлат. Аталган спектакль венгер композитору Тибор Кочак менен балетмейстер Дьюла Харангозого дүйнөлүк атак алып келген. Бул замандын эң популярдуу балети экенин белгилей кетүү керек. Спектакль Венгриянын мамлекеттик операсында 120 жолу, ошондой эле, «Эркель» театрында, Сегед шаарындагы ачык асман алдындагы фестивалда коюлган. Борбордун көрүүчүлөрү бул чыгарманы жетинин айынын 19-20 күндөрү «Астана Опера» театрынын сахнасынан көрө алышат. Либреттонун автору, балетмейстер Дьюла Харангозо артисттердин актёрдук чеберчилигине өзгөчө көңүл бурулганын айтат.
Дьюла Харангозо, коючу хореограф:
- Труппа менен иш кызуу жүрүп жатат. Албетте, алар үчүн жетиштүү нерселер бар. Андыктан биз машыгууну улантабыз. Классикалык жагы да көйгөй эмес. Артисттер абдан таланттуу, жогорку деңгээлде бийлеп жатышат. Бирок бий менен чектелип калгым келбейт. Мен аларды чындап ойноткум келет. Мен жомоктун биринчи сабын көрсөткүм келет. Бул мен үчүн абдан маанилүү. Албетте, биз классикалык балеттеги маанилүү окуяларды унутпайбыз. Деген менен биз актёрдук чеберчиликти көрсөтүүгө да өзгөчө көңүл бурабыз.
Султанбек Гумар, «Астана Опера» театрынын солисти:
- Бул жерде режиссёрдун талаптары абдан обондуу жана аткарууну көп талап кылат. Техникалык жактан да, хореографиялык жактан да өзүнүн кыйынчылыктары бар. Бул музыка менен актёрдук чеберчиликти, бийди айкалыштырсак, режиссёрдун идеясын жеткиребиз деген үмүттөбүз. Ошондуктан азыр талыкпай иштеп жатабыз. Алдыда боло турган премьера элге жагат деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков