Эми казакстандыктар «Ashyq» тиркемесиндеги макамын QR-кодун сканерден өткөрбөй эле, ал тургай үйүнөн чыкпай текшере алышат. Мобилдик тиркемени жаңырткандан кийин, аны белгилүү бир мекемеге барардан мурун колдонууга болот. Мунун аркасы менен айыппул төлөө коркунучу азаят. Болгону «Профиль» өтмөгүнө жеке ИИНди киргизүү керек. Бирок азырынча жаңыртуу Android платформасында гана жеткиликтүү.
Эскерте кетсек, «кызыл» жана «сары» макамы бар адамдарга коомдук жайларга барууга тыюу салынат. Мекемелер аралык комиссиянын маалыматы боюнча, азыр бул кызматты суткасына орто эсеп менен 3 миң казакстандык колдонот. Ал ишке кошулгандан бери коронавирус менен ооруган 2 миңге жакын бейтап жана миңден ашуун бейтап менен байланышта болгон адам аныкталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков