Суу ташкынан жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери Казакстандын өкмөтү тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда. Буга байланыштуу өлкөнүн премьер-министри Олжас Бектенов тиешелүү мекемелердин жетекчилери жана облус акимдеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Селден жабыркаган 19 миңден ашык объекттин 8500ү калыбына келтирүүгө жараксыз деп табылган. Бүгүнкү күндө 2 миң үй курулуп, 6 миң объектти сатып алуу иштери жүргүзүлүүдө. Өкмөт башчы Түндүк Казакстан облусунда 200, Павлодар облусунда 5 үйдүн пайдубалы тез арада тургузулганын белгиледи. Ошондой эле жакында Костанай облусунда 22 үй пайдаланууга берилет. Бирок айрым аймактарда иш графигинен 15-20 күнгө кечигүүсү байкалууда. Батыш Казакстан, Актөбе, Акмола, Атырау облустарында курулуш иштери төмөн. Бул иштерди тездетүү боюнча жооптуу адамдарга тапшырмалар берилди.
Олжас Бектенов, Казакстандын
Премьер-министри:
-Инфраструктура жагынан да
белгиленген темптен артта калуучулук байкалат. Акимдер ар бир объектке
адамдарды жана техниканы тез арада мобилизациялоо тапшырмасы берилди. Эгерде
аймактардын күчү жетпесе, өзүбүз тараптан дагы кошумча жардам беребиз. Тармактык
министрликтер курулуш иштерин аяктоо графигин өзгөчө көңүл бурсун. Кийинкиге
калтырылган курулуш иштерине көзөмөл жүргүзүү зарыл. Курулуш министри өзү
барып, иштин жүрүшүнө көз салууга тийиш.
Которгон: Илгиз Жамалбеков