«Ахмет Байтурсынов жана Алаш». Прагада казакстандык окумуштуу, агартуучу, коомдук жана саясий ишмердин 150 жылдыгына, ошондой эле, Алаш кыймылынын маданий мурасына арналган китептин бет ачары өттү. Бул эмгек биринчи жолу чех жана англис тилдерине которулду. Китепке казак маданиятынын көрүнүктүү ишмерлеринин, Алашордо тарыхын изилдеген окумуштуулардын эмгектери кирди. Казак дипломаттары өз сөзүндө Ахмет Байтурсыновдун казак тарыхындагы ордун өзгөчө белгилеп өтүштү.
Йиржи Шима, профессор:
- Бүгүнкү иш-чарага катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Казакстандын белгилүү ишмери Ахмет Байтурсынов, Алаш-Ордо тарыхы тууралуу тереңирээк таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк алып отурганыма ыраазымын. Алаш-Ордо Казакстандын тарыхынын ажырагыс бөлүгү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков