«ROZA BAǴLANOVA. 100 JYL» монетасы жүгүртүүгө чыкты

«ROZA BAǴLANOVA. 100 JYL» монетасы жүгүртүүгө чыкты

Өтө баалуу жана сейрек кездешүүчү тыйындарды чогулткандардын кулагына күмүш сырга. Казакстанда «Roza Baǵlanova. 100 jyl» коллекциялык монетасы  жүгүртүүгө чыкты. Ал атайын казак булбулунун 100 жылдыгына карата жасалган. Негизги бетине булбул үндүү ырчынын портрети басылган. Ал эми экинчи бетине көзүү тирүү кезинде легендага айланган Роза Багланованы атактуу кылган «Ах, Самара-городок» ырынын ноталары түшүрүлгөн. Номиналдуу наркы 100 теңге болгон монеталар түсүн жоготпогон жана ар кандай тышкы көрүнүштөргө туруктуу никелден жасалган. Тиражы - 15 миң нуска. Жылдын аягына чейин «Эсте каларлык окуялар жана кайталангыс адамдар» сериясын уланта турган бир катар эстелик монеталардын сатыкка чыгышы көздөлгөн.

Алмат Басенов,  Улуттук банктын башкы дизайнери:

- Биринчиден, быйыл Мухтар Омарханулы Ауэзовдун 125 жылдыгына карата Улуттук банк эстелик монеталардын эки түрүн чыгарууну пландоодо. Алардын бири номиналдык баасы 500 теңге болгон күмүштөн жасалат. Роза Баглановага арналган монетанын сапаты жана жүгүртүүсү дал ушул үлгүдө болот. Кийинчерээк, “Ахмет Байтурсыновдун” 150 жылдык юбилейлик монеталарын жүгүртүүгө чыгаруу көздөлгөн. Алар Мухтар Ауэзовдуку сыяктуу күмүш менен никелден жасалмакчы.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков