Ботай маданиятынын экспонаттары табылды

Ботай маданиятынын экспонаттары табылды

Ботай маданиятына таандык 100гө жакын баалуу экспонаттар. Бул акмолалык археологдордун быйылкы жайда тапкан табылгасы.

Найзанын учу кремний ташынан колго жасалган. Куралдын бул бөлүгү таш доорунун акырына таандык, дешет адистер. Быйыл археологдор мындай экспонаттардын бир нечесин табышкан.

Жасулан Үкеев, археолог:

- Красный Яр конушунан табылган уникалдуу экспонаттар, бул сөөктөн жасалган ийнелер жана шибегелер. Таң калычтуусу, алар абдан бышык. Мындай табылгалар өзгөчө биздин аймакта сейрек кездешет. Абдан ичке, заманбап ийнелер сыяктуу. Бул ийне, кыязы, балык кармоочу тор же кийим тигүү үчүн колдонулса керек.

Археологдор Жаксы районуна караштуу Баубек баатыр айылына жакын жердеги жана Атбасар районунун Магдалиновка айылына жакын жердеги сак коргондорун да изилдеп чыгышкан.

Жасулан Укеев, археолог:

- Мурда Магдалиновкадан кылыч таап алганбыз. Ошентип, биз сенсация үмүтү менен бул жерди дагы бир жолу изилдедик. Бирок дөбө тонолуп кеткен. Биз карапа, коло буюмдардын сыныктарын жана жебенин учтарын гана таба алдык. Биз ошондой эле азыркы адамдардын ишмердүүлүгүнүн издерине, атап айтканда, суу кудугунун калдыктарына туш болдук, балким, алар да эстеликтерди жок кылышы мүмкүн.

Ошондой эле, ушул жайда Жаркайын аймагынан окумуштуулар балта табышкан. Бул курал биздин заманга чейинки төртүнчү миң жылдыкка таандык болгон. Эң таң калычтуусу, изилдөөчүлөр бул аспаптын ар түрдүү металлдардын эритмесинен жасалгандыгы аймактагы тоо-кен өндүрүшүнүн өнүгүп жаткандыгын айгинелей турганын айтышууда. Эми археологдор артефакттарды лабораторияда изилдеп, башка табылгалар менен салыштыруу иштерин жүргүзүшөт. Бул таш доорундагы адамдардын жашоо образы жана маданияты тууралуу маалыматтарды чогултууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков