Казакстанда социалдык төлөмдөрдү алууга керектүү документтерди тапшыруу мөөнөтү узартылды

Казакстанда социалдык төлөмдөрдү алууга керектүү документтерди тапшыруу мөөнөтү узартылды

Республикада пенсиялар жана жөлөк пулдар толук жана өз убагында төлөнөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министри атайын брифингде билдирди. Серик Шапкеновдун айтымында, учурда аны алуучулардын эсебине 174 миллиард теңге которулду. Министр ошондой эле өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга жана интернеттин жеткиликсиздигине байланыштуу социалдык жардам алуу үчүн документтерди тапшыруу мөөнөтү узартылганын кошумчалады. Башкача айтканда, төртүнчү кварталдагы даректүү социалдык төлөмдөр автоматтык түрдө ушул жылдын биринчи кварталына чейин узартылат. Ал үчүн өлкөнүн жарандары мамлекеттик органдарга баруунун кажети жок. Бул маалыматтык системалар тармактык министрлик тарабынан өзү жөнгө салынат.

Серик Шапкенов, РКнын Эмгек жана социалдык коргоо министри:

- Министрлик көрсөткөн кызматтардын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кайра аттестациядан өткөрүү маселеси бар. Учурда бул өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү аяктаганга чейин жарандарды кайра аттестациялоонун убактысы толугу менен узартылды. Ошондуктан, бул жарандардын да аталган мамлекеттик системаларга катышуусунун кереги жок. Бул тапшырмалар автоматтык түрдө толугу менен аткарылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков