Домбра - казактын асыл казынасы

Домбра - казактын асыл казынасы

Классика, заманбап хиттер жана албетте – элдик күүлөр. Домбра байыркы замандардагыдай эле өз актуалдуулугун жоготпой келет. Ал мурдагыдай эле терең жана кайталангыс үнү менен аудиторияны өзүнө тартып турат. Музыканттардын айтымында, акыркысы оңой эле чыгарылат жана каалаган стилге туура келет. Башкысы, өзүңүздүн аспабыңызды туура тандашыңыз керек, дейт домбра ийриминин жетекчиси.


Кеменгер Кенжешев, домбра ийриминин жетекчиси:


- Домбраны тандоонун көптөгөн жолдору бар. Музыкалык аспапты тандоодо анын үнүнө, тунуктугуна, каныккандыгына жана ачыктыгына көңүл буруу керек. Домбра сиздин бардык талаптарыңызга жооп бериши керек.


Куралды тандоонун дагы бир жолу - бул билген адамдан кеңеш суроо, же андан да жакшысы - устадан сатып алуу. Анткени ар бир комуздун өзүнүн мүнөзү жана жаны бар.

 

Нуржан Дильманов, домбра жасаган уста:


- Домбрада ойногонду үйрөнүп жаткан балдардын колунда сапаттуу аспап болсо дейбиз. Албетте, ар биринин үйүндө жеке домбра болгону оң.


Домбра бүгүнкү күнгө чейин жөн гана музыкалык аспап эмес, элдин ыйык символу жана өлкөнүн башкы бренддеринин бири болуп саналат.

Которгон: Сезим Шейшеналиева