Казак киночуларынын куржуну дагы бир жеңиш
менен толукталды. Ата Мекендик «1286» сериалы абройлуу эл аралык Пусан
фестивалында «Азиянын мыкты контенти» номинациясын жеңип алды. Тасмада адам уурдоо
жана кулчулукка сатуу тууралуу баяндалат. Жалпысынан киносериал-режиссер Алишер
Утевдин чыгармасы. Белгилей кетсек, быйыл фестивалга дүйнөнүн 63 мамлекетинен 200 арыз келип түшкөн. Сынакка
Түштүк Корея, Кытай, Тайвань мамлекеттеринин сериалдары жана Netflix, Disney
сыяктуу компаниялардын долбоорлору катышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков