Алматы облусундагы Аркарлы петроглифтеринин так аймагы аныкталып, ал жерге мрамор таштан белги орнотулду. Азыркы учурда 3 миң жылдык тарыхы бар белгилерди документтештирүү иштери жүрүп жатат. Тогуздун айында толугу менен аяктагандан кийин, мамлекеттин коргоосуна алынган ачык асман алдындагы археологиялык паркка айланат.
Марлен Көлбаев, Облусттук маданият, архивдер жана документтештирүү башкармасынын башчысы
- Бардык петроглифтердин паспорттору жасалгандан кийин бул жерде жайгашкан жердин атайын чиймеси JPS аркылуу жүргүзүлүп, ал чиймелер Кербулак райондук жер мамилелери бөлүмүнүн маалымат базасына киргизилет. Бул иштердин бардыгы аяктагандан кийин Талдыкоргон шаарында республикалык деңгээлде жыйын өтүп, анда археолог окумуштуулар аныктаган, тапкан иштер жөнүндө баяндама жасашат.
Жети-Сууда азырынча толук изилдене элек эки тарыхый жай бар. Алардын бири - Талдыкорган шаарына жакын жерде, экинчиси - Көксу дарыясынын жээгинде жайгашкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков