Казакстанда Эл аралык AI-кино фестивалы өтөт

Казакстанда Эл аралык AI-кино фестивалы өтөт

Казакстанда биринчи жолу жасалма интеллектти колдонуу менен тартылган кинонун эл аралык фестивалы өтөт. Ага катышуу үчүн арыздар бугу айында башталып, баш оона айынын аягына чейин уланат. Astana AI Film Festival аттуу иш-чара ушул жылдын күзүндө өткөрүлүп, өз сегментиндеги дүйнөлүк ири аянтчалардын бири болууга багытталган. Иш-чаранын борбордук окуясы кыска метраждуу жасалма интеллект фильмдеринин эл аралык сынагы болот. Ага дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген авторлор катыша алышат. Шарт боюнча, иштердин хронометражы 10 мүнөттөн ашпашы керек. Иш-чара авторлорду жана дижитал-креаторлорду гана эмес, технологиялык компанияларды, инвесторлорду жана серепчилерди да бириктирет. Кино көрсөтүүлөрдөн тышкары, программада AI-контент боюнча конференциялар жана жаратуучулар үчүн питч-сессиялар пландаштырылган. Байге фонду 1 миллион долларды түзөт. Уюштуруучулар бул долбоор чыгармачылык индустриясындагы жаңы форматтар жана ысымдар үчүн жыл сайын өтүүчү эл аралык платформа болууга багытталганын белгилешет.

Алмас Жали, AIFF уюштуруучусу:

– Тасма, актёрлор, музыка, кинематография, анимация – баары жасалма интеллект платформаларында гана түзүлүшү керек. Бул принципиалдуу. Ошондой эле, биздин мыйзамдарга ылайык, зомбулук көрүнүштөрү, уят сөздөрдү колдонуу катуу чектелген. Калган бардык жагынан чыгармачылык идеялар кубатталат. Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн бири жасалма интеллект өзү болот. Контент жүктөлгөндө система автоматтык түрдө кайсы музыка колдонулганын, кимдин жүзү же идеясы колдонулушу мүмкүн экенин аныктап, бул тууралуу билдирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков