«Муфаса. Арыстан падышасы» казак тилинде көрүүчүлөргө жол
тартты. Disney студиясынын кезектеги долбоору-мамлекеттик тилге которулган 3
фильм. Укмуштуу окуялардын каармандарын атамекендик белгилүү театр жана кино
актерлору, вокалдык партияларды казакстандык артисттер аткарып чыгышты. Ерасыл
Мухамадиев үч жылдан ашык дубляж тармагында эмгектенип келе жатат. Тасманын
башкы каарманы Муфасаны жаш актер үн коштойт.
Ерасыл Мухамадиев, дубляж актеру:
- Эң алгач мага, Муфасага өттүңүз деген кабар келгенде
албетте кубандым. 2019-жылы жаңылышпасам
Арстан падышанын 1-бөлүк кино түрүндө чыкты. Мен ошол эле тасманы кайрадан бир
карап чыктым. Башкача айтканда, ошол эле атмосферага, ошол эле каармандарга
сүңгүп, алардын образдарын сиңирип, өзүмдү репетиция катары карадым. Ошентип,
каарманга үн коштоо мен үчүн кыйын болгон жок.
Буга
чейин «Ойжумбак-2» жана «Моана-2» мультфильмдери казак
тилине которулуп, экранга чыгарылган. Казакстандык прокаттагы эки картина тең
миллиондогон кассаларды чогултуп, рекорд койду. Анимациялык тасмалардын
дубляжынын режиссеру Шах-Мурат Ордабаев ушул тапта казак тилдүү көрүүчүлөр эне тилинде
сапаттуу контентти
көрө аларын белгиледи.
Шах-Мурат Ордабаев, дубляж режиссеру:
- Көрүүчүнүн талабы эң чоң көрсөткүчтөрдүн бири. Көрүүчү
кызыкдар болсо, анда баары бекер эмес жана мындай нерсени жасоо керек. Биз
кайсы мамлекеттен кембиз. 39-тил болуп эсептелебиз.
Эскерте кетсек, ушул жылдан тарта Голливуд студиялары өз эсебинен казак тилиндеги блокбастерлерди жарыялап келишет. Бардык тасмалар көрүүчүлөр арасында популярдуу. Жалпысынан 2011-жылдан бери ири эл аралык студиялардын ондогон долбоорлору казак тилине дубляждалды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

