Дүйнөдөгү вокалдык техниканын мыкты профессору казак опера ырчылары үчүн мастер-класс өттү. «Астана Опера» театрында жеке сабактар өтүлүп, анда ар бир өнөр ээси маэстро менен биргеликте машыга алат.
Белгилей кетсек, Анатолий Гусев өзүнүн бай педагогикалык тажрыйбасы менен белгилүү, анын көптөгөн окуучулары эл аралык деңгээлде атак-даңкка ээ болгон. Азыркы күнгө чейин ал Европадагы эң белгилүү театрлар менен кызматташып келет. Күн сайын 7-8 казакстандык солистке чеберчилик сабактары өткөрүлүп жатат. Сабактарга төмөнкүлөр кирет: техникалык окутуу, опералык ариялардын италиялык жана француз текстинин стили жана айтылышы боюнча иштөө. Мастер-класс теке айынын 8не чейин уланат. Ошондой эле, адистин алдында Джузеппе Вердинин «Травиата» операсына 2 курамды даярдоо милдети турат.
Анатолий Гусев, Г.Доницетти атындагы музыка академиясынын профессору, Милан:
- Эки курам. Бардык катышуучулар келери менен биз тазалап чыгабыз: стиль, тил, паузалар, ноталар, интонация. Учурда олуттуу иштер жүрүп жатат, мен ырчыларга талапты катуу коём, олуттуу иштешип жатам. Алар менин бардык талаптарымды жетиштүү деңгээлде кабыл алып жаткандыгына абдан кубанычтамын.
Которгон: Илгиз Жамалбеков