Документтин санариптик нускасын көрсөтүүгө болот

Документтин санариптик нускасын көрсөтүүгө болот

Эми казакстандыктар ички каттамдар үчүн санариптик документтерди колдоно алышат. Бул тууралуу Жарандык авиация комитети билдирди. Эми өлкөнүн бардык аэропортторунда EGov Mobile кызматы жеткиликтүү. Аэропортто ыңгайлуу кызматты колдонуу үчүн eGov Mobile тиркемесине кирип, Санариптик документтер кызматын тандап, тизмеден IDни басуу керек. Бирок кызматка алдын ала катталуу кажет. Аэропортто рейске отуруунун же иш кагаздарын жүргүзүүнүн башында электрондук документ адистерге көрсөтүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков