Кургакчылыктан жапа чеккен дыйкандарга кредиттерди төлөөдө жеңилдик берүү. Мындай мүмкүнчүлүк өкмөттө өткөн ыкчам жыйында каралды. Ошондой эле Казакстандын айрым аймактарында нормадан ашыкча ысыкка байланыштуу мамлекеттик колдоонун башка чаралары талкууланды. Ошентип, быйылкы жылдан бери биринчи жолу чөп жыйноого арзандатылган баада дизелдик отундун кошумча көлөмү бөлүнөт. Мындан тышкары, жыйында белгиленгендей, айыл чарбасындагы тобокелдиктерди, анын ичинде кургакчылыктын кесепеттерин тегиздөөнүн инструменттеринин бири – айыл чарба өсүмдүктөрүн жана айыл чарба жаныбарларын камсыздандыруу. Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгында 16 камсыздандыруу өнүмдөрү көрсөтүлөт. Алар премиумдун бир бөлүгүн субсидиялайт. Ал 50 пайыздан 80 пайызга чейин өстү. Быйыл камсыздандыруу төгүмдөрү бир жарым миллиард теңгеден ашты. Анын ичинен 1,3 миллиарды субсидияланган
Которгон: Илгиз Жамалбеков