Карагандыда Казакстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган Сарыарканын көчмөн маданияты фестивалы жыйынтыкталды. Улуттук маданиятты, кол өнөрчүлүктү сактоого багытталган иш-чара жай айларында башталган. Ага жалпысынан 125 кол өнөрчү жана чыгармачыл жамаат катышты. Катышуучулардын арасында Азамат Бакыя да бар. чебер фестивалга сурнай үйломө аспабын алып келген. Кыязы, ал жортуул учурунда жоокерлерди күчтөндүрүү үчүн колдонулган көрүнөт.
Азамат Бакия, өнөрпоз:
- Илгери Алпамыс ырында: керней сурнай тарттырып, беделин журтка таанытып, деген саптар кездешет. Бул казактын аспабы бара-бара жоголуп кеткен. Бүгүнку күндө биз аны кайрадан жаңыртыпы жүрөбүз. Бул менин жеке аспабым. Мындай иш-чаралардын, салтанаттуу чогулуштардын алмаштырылгыс куралы.
Фестивалда Гүлбаршын Матниязова да өз эмгектерин көпчүлүктүн назарына тартуулады. 15 жылдан бери кийизден кийим тигүү менен алектенген белгилүү кол өнөр чебери учурда буюмдарын экспортко чыгара баштады.
Гүлбаршын Матниязова, кол өнөр чебери:
- Жакында гана АКШга актрисалык кесипти аркалаган Жейми аттуу айымга көйнөк тигип жибердим. Эми жакын арада италиялык артист да бар Фабио деген, ал азыр Димаш Кудайбергендин ырларын ырдап жүрөт. Италияда жашаса да казакча ырларды көп ырдайт, жакында ошол Фабио мырзанын кийимин, костюмун баштайм. Алар казактын нукура жүнүнөн жасалган кийимдерин жөнөткүлө дешет.
Белгилей кетсек, фестивалдын уюштуруучулары чеберлерди салтка айлангандай, 2 жылда бир жолу чогултууну мерчемдөөдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков