«Бөкей ордосу – өлкө мурасы». Дал ушундай аталышта Улуттук музейде тарыхты даңазалоого багытталган көргөзмө ачылды. Агартуучулук иш-чара үч мааракеге: өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы, Бөкей ордосунун 220 жылдыгы жана Казакстандагы биринчи мектеп – Жангир училищесинин 180 жылдыгына карата уюштурулду. Экспозицияда 40ка жакын маалыматтык стенд сунушталды. Анда XIX кылымда Бөкей түптөгөн, Жангир жаңырткан маданият менен искусствонун, билим жана сооданын борбору болгон байыркы тарыхый жердин эки кылымдан ашык тарыхы баяндалат. Ошондой эле, 50дөн ашык оригиналдуу сүрөттөрдү жана 70ке жакын сейрек экспонаттарды көрүүгө болот. Уюштуруучулардын айтымында, аталган көргөзмө өзүнүн мазмуну менен гана чектелбестен, аймактагы туризмди өнүктүрүүгө жаңы дем берет.
Нурлыбек Даумов, БКО, Бөкей ордо районунун акими:
- Азыркы учурда Бөкей ордосунда туризмди өнүктүрүү боюнча комплекстүү чаралар көрүлүүдө. Быйыл карантиндик чектөөлөргө карабастан, акыркы 10 айда 10 миң турист келди. Жакынкы 5 жылда бул көрсөткүчтү 30 миңге жеткирүү көздөлүп жатат. Бул үчүн биз инфраструктураны өнүктүрүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашырып жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков