Казакстандагы ири фармацевтикалык завод дүйнөлүк дары гигантын курууга ниеттенүүдө. KAZAKH INVESTтин маалыматы боюнча, египеттик холдинг ишкана ачуу үчүн республиканы өзүнүн жагымдуу инвестициялык климаты, ыңгайлуу жайгашуусу жана Евразия чөлкөмүнүн ири рынокторуна чыгуусу үчүн тандап алган. Мындан тышкары холдингдин жетекчилиги технологияларды трансфертке жана кадрларды даярдоого даяр экенин белгиледи. Бул максатта туруктуу чет өлкөлүк стажировкаларды уюштурууну көздөшүүдө. Азыр инвесторлор долбоорду ишке ашыруу үчүн казак тараптан өнөктөш издеп жатышат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков