Жер төшөккө басылган аңгеме. Абай облусунун Бешкарагай айылынын тургуну Жанар Маликбаева улуу Абайдын чыгармаларын негизге алып, маанисин коомчулукка ушундай өзгөчө формада сунуштоону туура көргөн. Чебер буга чейин «Жыл мезгилдери» деген темада 8 эмгекти курап-токуп чыккан. Ар бирине материалдын бир нече кесилишин колдонгон. Ал бул өнөрдү эки чоң энесинен үйрөнгөн. Эми өз билимин кийинки муунга үйрөтүүнүн аракетинде. 13 жылдан бери балдарга өзүнүн өнөрүн үйрөтүп келет. Айта кетсек, чебер ар бир улуттун улуттук кийимдерин кийген куурчактарды токуу менен да алектенет. Жанар Маликбаеванын эмгектери чет өлкөлөрдө да өз баасын алган.
Жанар Маликбаева, Бешкарагай айылынын тургуну:
- Менин максатым – ар бир чыгармам менен элге өзгөчө таасир калтыруу. Кардарларым бир саамга баарын унутуп, башка дүйнөгө баргандай, жакшы нерселер жөнүндө гана ойлошсо - деймин. Мен эмгегимди соодалабайм. Анткени, чыгармачылык акча менен бааланбайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков