Өкмөттүн токтому менен космостук инженерия жана технологиялар институту маалыматтык системанын улуттук оператору болуп дайындалды. «Казмаалымат» эл аралык агенттигинин билдирүүсүнө караганда, мекеме казак патенти менен транспортторду электрондук көзөмөлдөө үчүн «Транзит» автоматташтырылган маалыматтык тутумун иштеп чыккан. Жүк ташуучу унааларга жана поезддерге орнотулган навигациялык пломбалар бардык маалыматтарды спутниктерге жиберет. 5 улуттук жана бир катар эл аралык пилоттук долбоорлордо сыналган ата мекендик система Орусия, Кыргызстан жана Беларус менен бирге темир жол жана унаа транспортторунда текшерүүдөн ийгиликтүү өттү. Институтка улуттук оператор макамынын берилиши чек ара аркылуу өткөн товарлардын легалдуу жүгүртүүсүн жана өлкө аймагы аркылуу ташылган эл аралык жүктөрдүн мыйзамдуулугун ошондой эле бул тармактын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков