Ультра добуштук билдиргич менен иштеген робот татаал кыймылдарды жасап, айланасындагы адамдар менен байланыш түзө алат.
Курмет Айипкалиев, жаш ойлоп тапкыч:
- Бул роботту жасоого 2 айга жакын убакыт кетти. Робот Кара жорго бийин бийлейт. Ар кандай кыймылдарды жасайт. Жакынкы арада бул жерде казактын улуттук каада-салтын бекемдеп, даңазалаган роботторду жасагыбыз келет.
Алдыдагы убакытта мунай районунун таланттуу окуучулары жасап чыгарган роботторун дагы да өркүндөтүп, түрдүү эл аралык сынактарга катышууну көздөп жатышат. Окуучулар роботту кураштырып гана койбостон, илимий долбоорлор менен да алектенишет. Ушундай жол менен жаш муундун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулайт, дешет ийримдин жетекчилери.
Дияр Абуханов, ийрим жетекчиси:
- Мындай ийримдерге келүү менен балдардын ой жүгүртүүсүн, билимин андан ары өнүктүрөбүз. Баары билимдүү, акылдуу, аларга баары кызык. Учурда ийримге кызыккан жаштардын көбөйгөнү бизди кубандырат. Пландар көп. Ар кандай республикалык, эл аралык сынактарга да катышабыз. Аларга даярдыктар азыр кызуу жүрүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков