Борбор калаада теннис боюнча Astana open ATP 250 турниринин негизги этабы башталды. Эскерте кетсек, кечээ тандап алуу оюндар өткөн. Бүгүн Улуттук теннис борборунда сегиз беттеш белгиленген. Бул тизмеде эки казакстандык теннисчи бар. Алардын бири Михаил Кукушкиндин дебюту. Жеке жарышта португалиялык дүйнөнүн 86-ракеткасы - Нуно Боржес менен күч сынашат. Ал эми жуптар боюнча беттеште Казакстандын биринчи ракеткасы Александр Бублик орусиялык Даниил Голубев менен таймашат.
Аскар Агатаев,
Казакстан теннис федерациясынын басма сөз катчысы:
-Негизинен турнир
жогорку деңгээлде өтүп жатат. Мелдеш кечээ башталган. Алгач тандоо оюндары
болду. Бүгүн негизги этап. Ошондуктан, жакшы оюндар болот деп ишенем.
Жалпысынан бул мелдешке дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн теннисчилер келди.
Алардын арасында Италия, Франция, АКШ, Аргентина жана башка мамлекеттер бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.