Серепчинин пикири: менчиктештирүү өлкө экономикасынын өсүшүнө кепил болот

Серепчинин пикири: менчиктештирүү өлкө экономикасынын өсүшүнө кепил болот

Казакстанда жүргүзүлүп жаткан менчиктештирүү саясаты өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү менен бирге социалдык маселелерди чечүүгө жардам берет. Бул тууралуу жергиликтүү экономист Сапарбай Жобаев билдирди. Серепчинин айтымында, активдерди атаандаштык чөйрөгө өткөрүү биринчи кезекте кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө жол ачат. Жеке бизнеске көбүрөөк инвестиция тартылат. Кайра иштетүүчү өнөр жай өнүгөт жана көп тармактуу болот. Буга кошумча жарандардын жыргалчылыгы жогорулайт. Жаңы жумуш орундары түзүлөт. Ошол эле учурда, мамлекеттин экономикадагы үлүшүн азайтуу анын натыйжалуулугун жогорулатат, дейт талдоочу. Ошону менен бирге, ал мамлекет башчысынын тиешелүү органдарга жакында эле менчиктештирүүнү системалуу жана ачык жүргүзүү, кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындуулугун камсыздоо боюнча тапшырмаларын белгиледи. Башкача айтканда, мунун баары коомдун жыргалчылыгына жасалган жакшы кадам, дейт экономист.

Сапарбай Жобаев, экономист:

- Бүгүнкү бийликтин, президентибиздин жасап жаткан кадамы туура. Анткени Самрук-Казынага чек коюлуп жатат, менчиктештирүү маселеси көтөрүлдү. Бай адамдардын коомдук жоопкерчилигин талап кылып жатат. Албетте, бул маселени акырындык менен ишке ашырабыз деген үмүттөбүз. Өзгөрүүлөр болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков