Саамал негизинде жасалган казакстандык метабиотик экспортко чыгат

Саамал негизинде жасалган казакстандык метабиотик экспортко чыгат

Бээ сүтүнүн негизинде жасалган казакстандык метабиотик экспорттолот. Назарбаев университетинин окумуштуулары иштеп чыккан уникалдуу өнүмгө Борбор Азия чөлкөмүнүн жана Жапониянын фармацевтикалык компаниялары кызыгып жатышат. Саамалдын дарылык касиетин камтыган препарат Караганды облустунда чыгарылат. Азыр өндүрүш борбору өлкөдөгү бардык дарыканаларды камтыйт. 10 жыл бою жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы Илим фондунун колдоосу менен ишке ашты.

Самат Кожахметов, Назарбаев университети микробиома лабороториясынын жетекчи илимий кызматкери, долбоордун башчысы:

2017-жылы 300 миллион теңге грант утуп алдык. Долбоордун негизги максаты – коммерциялаштыруу гана эмес, препараттын биологиялык коопсуздугун жана эффективдүүлүгүн аныктоо. Ал дары эмес, биологиялык активдүү кошумча катары колдонулат. Негизинен ар кандай дисбиотикалык ооруларды дарылоо үчүн антибиотик терапиясынан кийин ичүү сунушталат жана үч жаштан ашкан балдарга берүүгө болот.

Адамдын ден соолугу ичеги микрофлорасынын жана организмдеги зат алмашуунун абалына түздөн-түз байланыштуу экени белгилүү. Ошол эле учурда ата мекендик метабиотиктердин диапазону кенен экендигин лаборатория кызматкерлери айтышат. Организмдеги зат алмашууну нормалдаштырып, картаюу процессин жайлатат, жалпы эле адамдын маанайын жакшыртат. Аялдардын репродуктивдүү ден соолугуна да оң таасирин тийгизет.

Динара Жакыпова, метабиотика өндүрүш компаниясынын коммерциялык өнөктөшү:

Бул казакстандыктардын микробиотасын изилдөөнүн негизинде биздин окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан ата мекендик өнүм. Ал бээнин кургак сүтүнүн негизинде жасалган. Саамалдын курамында адам организмине пайдалуу көптөгөн витаминдер жана микроэлементтер бар. Бул биздин генетикага тааныш болгондуктан, кошулма биздин ичегилерге жакшы сиңет. Башкача айтканда, метобиотиканын ден соолукка пайдалуу көптөгөн дарылык касиеттери бар.

Айжан Ракымбай, интегративдүү акушер-гинеколог:

Азыр аялдар тукумсуздукка көп даттанышат. Боюнда болбой калуу себептеринин бири зат алмашуунун бузулушу. Кош бойлуулукка даярданууда биринчи кезекте зат алмашууну, тамактанууну, уйку режимин тууралап, калыбына келтирип, спорт менен көбүрөөк машыгуу керек. Ошондо дени сак бала төрөлөт. Бул биздин келечегибиз. Ошондуктан ага кайдыгер карабоо керек.

Назарбаев университетинин микробиома лабораториясында метагеном боюнча масштабдуу изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Окумуштуулар бир эле учурда бул багытта бир нече долбоорлорду ишке ашырышты. Маселен, бул жерде адамдын микрофлорасынын үлгүлөрүнүн биобанкы түзүлүүдө. Анда адам төрөлгөндөн карылыкка чейинки маалыматтар чогултулат. Бүгүнкү күндө окумуштуулар эл аралык журналдарда бул багыттагы алгачкы изилдөө жыйынтыктарын жарыялоого жетишти.

Которгон: Илгиз Жамлабеков