Фергана облусунун Ташлак районунда жаңы IT-шаарча пайдаланууга берилди

Фергана облусунун Ташлак районунда жаңы IT-шаарча пайдаланууга берилди

Өзбекстандын Фергана облусунда жаңы IT-шаарчасы ишке кирди. Борбор заманбап инфраструктура менен жабдылган жана маалыматтык технологиялар тармагында адистерди даярдоого адистешкен. Уникалдуу билим берүү комплексинде жарым миңге чейин жаштар эң керектүү кесиптерди – программалоо, жасалма интеллект, киберкоопсуздук, робототехниканы өздөштүрүп, ошондой эле чет тилдерин үйрөнө алышат. Белгилей кетсек, долбоордун баасы 400 миң долларга жакынды түздү, кошумча сумма иштеп чыгууларды колдоо үчүн «START-UP GARAGE» мейкиндигин курууга бөлүндү.


Анваржон Уктамов, педагог:


- Азыр балдар компьютердик сабаттуулук боюнча эки айлык курстарды өтүп жатышат. Андан ары программалоонун негиздерин үйрөтүүнү пландаштыруудабыз. Андан кийин кызыкчылыктары боюнча алты айлык курстар: робототехника, оюндарды түзүү, веб-сайттар жана мобилдик тиркемелер. Акыркы этап эки айлык реалдуу долбоорлордун үстүндө иштөө болот — мыкты катышуучулар билимдерин пайдаланып гана тим болбостон, акча таба башташат.


Жаштар бул жерде окуу менен гана чектелбестен, коворкинг аймагында бири-бири менен тажрыйба бөлүшө алышат. Жумуш процесси бул жерде мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана жайлуу уюштурулган.


Интизор Ботирова:


- Мен жана менин курбу-курдаштарым фриланс аркылуу 500 доллардан баштап акча таба алабыз — баары долбоордун татаалдыгына жараша. Фриланс эркиндик берет: ыңгайлуу график, өз убактыңды өзүң пландаштыруу мүмкүнчүлүгү. Эң негизгиси — мөөнөтүнө жеткирүү. Керектүү нерсенин баары — компьютер жана интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү.


Фергана облусунда 2024-жылы маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 46 миллион доллардан ашты. IT-парктын резиденттеринин саны 106га жетти, анын ичинен 24 компания маалыматтык технологияларды экспорттоо менен алектенет. Мындан тышкары, «Бир миллион программист» долбоорунун алкагында 28 миңге жакын жаш адам бул тармакта билим алды. Жаңы IT-шаарчанын ачылышы, серепчилердин айтымында, андан аркы өсүштүн жана көрсөткүчтөрдүн кеңейишинин катализатору болот. Мындан тышкары, Өзбекстандын башка шаарларында жана райондорунда да ушундай комплекстерди куруу пландаштырылууда.


Которгон: Илгиз Жамалбеков