Алматы облусунда жаңы спорт комплекси курулат. Долбоор кайтарылган активдердин эсебинен ишке ашырылат. Өкмөт аны түзүүгө 1,1 миллиард теңге бөлдү. Бул комплекс окуу-машыгуу сабактарын жана жалпы дене тарбия боюнча мелдештерди өткөрүүгө арналган. Бокс, күрөш жана башка спорт түрлөрү менен машыгуу үчүн бир нече бөлмөлөр бар. Эскерте кетсек, президенттин тапшырмасы менен атайын мамлекеттик фонддон түшкөн каражат өлкөнүн аймактарындагы социалдык маанилүү объектилердин курулушуна жумшалат. Бул максатта 50 миллиард теңгеден ашык каражан бөлүнгөн. Анын ичинде 4 мектеп, бир музыкалык мектеп, спорт комплекси, көп тармактуу оорукана комплекси, жатакана, 2 бала бакча бар. Ошондой эле Аркалык, Астана, Алматы шаарларында бир катар социалдык инфраструктуралык объектилер курулат. Жалпысынан өткөн жылы өлкөдө 90 дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси курулган. Көпчүлүгү айыл жеринде салынды. Мындан тышкары, Өкмөт 2025-жылдын аягына чейин спорттук инфраструктураны инвентаризациялоонун масштабдуу программасын ишке ашырууда. Анын алкагында 113 жаңы объекттин курулушу жана иштеп жаткан 26 спорт мекемесин жаңылоо көздөлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

