Дин коомдогу көйгөй эмес, ал анын чечими. Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин курултайы катчылыгынын 20-жыйынынан кийин катышуучулар өз ойлорун ортого салышты. Диний лидерлер дүйнөдөгү көйгөйлөрдү жакшы билишет жана аларды чечүү жолдорун табууга жардам берүүгө даяр экендиктери айтылат. Руханий чөйрөнүн өкүлдөрү пандемиядан кийинки биринчи масштабдуу иш-чаранын оң натыйжасы болооруна ишенишет.
Дмитрий Сафонов, Орус православ чиркөөсүнүн диндер аралык мамилелери боюнча Москва патриархынын тышкы чиркөө мамилелери бөлүмүнүн катчысы
- Көптөгөн актуалдуу маселелерди козгодук. Бардык көйгөйлөрдү камтыган декларация кабыл алынды деп ойлойм. Бул дүйнөнүн диний лидерлери бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө жөндөмдүү дегенди билдирет. Албетте, коронавирустук пандемиянын кесепеттери, экстремизм, дүйнөдөгү кан төгүүлөр жана чыр-чатактар, социалдык теңсиздик, жакырчылыктын босогосунда тургандарга жана муктаж болгондорго жардам берүү сыяктуу маанилүү маселелер бар. Башкача айтканда, биз азыркы замандын негизги көйгөйлөрүнө артыкчылык беребиз. Диний лидерлердин кийлигишүүсүз дүйнөлүк көйгөйлөрдү бир тараптуу чечүү мүмкүн эмес. Анткени алар өздөрүн ээрчигендерди туура жолго салуу үчүн колдон келишинче аракет кылышат.
Джо Бейли Уэллс, Англия чиркөөсүнүн атайын өкүлү, Доркинг епископу
- Бул жерде талкууланган темалардын ар бири актуалдуу. Ойлорубуздун баары бир жерден чыгышы мүмкүн, бирок талкууга чогулдук. Динибиз менен дилибиз бирдей болбосо да, бардык суроолорду талкуулоо үчүн жолугуштук. Эң негизгиси – биримдик, тынчтык жана кызматташтыкка деген оюбуз бир.
Сон Чжин – «Чоге» будда орденинин мүчөсү
- Биринчиден, кайсы бир диндин лидери катары мындай масштабдуу иш-чарага катышуу мен үчүн чоң сыймык. Баарыбыз чогулганыбыз таасирлентти . Бул жолугушуу кызматташтыктын, достуктун белгиси деп ойлойм. Теңчилик, аялдардын укуктары, социалдык көйгөйлөр талкууланганына кубанычтамын.
Которгон: Илгиз Жамалбеков