Ал өлкөнүн 13 аэропортунда иштейт. Белгилей кетсек, буга чейин ал 12 шаарда Астана, Алматы, Тараз, Шымкент, Актау, Семей, Караганды, Өскемен, Павлодар, Петропавл, Көкшетау жана Түркестан шаарларында колдонулган. Эми бул режим Алия Молдагулова атындагы Актөбө эл аралык аэропортунда да киргизилди. Тармак адистеринин айтымында, мындай чечим жаңы чет элдик жүк ташуучуларды тартууга, атаандаштыкты өнүктүрүүгө жана жаңы эл аралык каттамдарды ачууга шарт түзөт. Мындан тышкары, авиабилеттин арзандашына да таасирин тийгизет. Жалпысынан “Ачык асман” режиминде авиакаттамдардын санына байланыштуу бардык чектөөлөрдү алып салуу жана Казакстандын авиакомпаниялары аткарбаган каттамдар боюнча чет элдик авиакомпанияларга бешинчи даражадагы “аба эркиндигин” берүү каралган. Ошондой эле, профсоюз өкүлдөрүнүн айтымында, режимдин узартылышы өлкөнүн транзиттик дараметин өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.
Тимур Тлегенов, жарандык авиация комитетинин төрага орун басары:
- Жаңы эл аралык каттамдардын ачылышы, ачык асман режиминин киргизилиши – бул транзиттик дараметти өнүктүрүүгө шарт түзөт. 2019-жылдын аягында, пандемияга чейин биз Казакстан аркылуу транзиттик каттамдар менен бир миллионго жакын жүргүнчү ташыдык. Тилекке каршы, коронавирус инфекциясынан улам бул көрсөткүч бир аз төмөндөдү. Эми эпидемиологиялык абалдын жакшырышы менен мунун баары кайра жанданып, ошол эле жыйынтыкка жетип, андан да ашып түшөбүз деген тилегибиз бар.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Казакстан аркылуу аба аркылуу ташылган жүргүнчүлөрдүн саны бардык рекорддорду жаңырткан. 11 айдын жыйынтыгы боюнча 10 миллионго жакын адамга жеткен. Мындан тышкары, адистердин божомолу боюнча көрсөткүчтөр жыл бою дагы 800 миңге көбөйүшү мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков