Пагончон айым

Пагончон айым

Пагончон айым. Адатта полиция дегенде көпчүлүктүн көз алдына чымыр денелүү мырза келет. Анткен менен тартип сакчыларынын арасында эркектерден кем калбай иштеген назик жандар дагы бар. Алардын бири Жанна Шонжанова. Бала кезинен полиция болууну кыялданып, алгач алардын формасына кызыгып жүргөн. Кийин чоңоюп, жоопкерчиликтүү кесиптин ээси болууга бел байлаган. Ал 15 жылдан ашык убакыттан бери укук коргоо тармагында эмгектенип келет.

Жанна Шонжанова, Шаардык ПД ЖПКБ ювеналдуу полиция бөлүмүнүн башчысы;

- Мен балдар менен иштегенди жакшы көрөм. Биздин милдет жашы жете электердин укуктарын жана эркиндиктерин, алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды аныктоо, жалпы эле мындай үй-бүлөлөрдү аныктоо. Өз милдетин так аткарбаган ата-энелерди аныктап, аларга туура багыт берүү.

Жанна оор өспүрүмдөрдүн чоңоюп, турмушта туура жолду тандап, бакытка жетип, үй-бүлө куруусу – өз эмгегине берилген эң обьективдүү баа деп эсептейт. Алар бүгүнкү күндө подполковникке келип, жасаган бардык иштери үчүн ыраазычылык билдиришет.

Жанна Шонжанова, Шаардык ПД ЖПКБ ювеналдуу полиция бөлүмүнүн башчысы;

- Жалпысынан айымдар аял затынын тыкандыгы, жоопкерчилик сыяктуу сапаттарынын аркасында жакшы иштейт деп ойлойм. Бирок албетте, стресстик жагдайлар да болуп турат. Эгер жумушуңузду сүйүп аткарсаңыз, эч кандай кыйынчылыктар болбойт.

Алматы полициясында жети жүздөн ашык айым кызматкер бар. Алар укук коргоо органдарынын жүгүн эркектер менен бирдей көтөрүп келишет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков