Димаш Кудайберген БУУнун глобалдык «Ак ниет элчиси» болуп
дайындалды. Бул тууралуу Эл аралык миграция боюнча уюм кеңешинин кезектеги
сессиясында белгилүү болду. Уюмдун өкүлдөрү казакстандыктын чыгармачылыгы
адамзаттын руханий баалуулуктарын даңазалап келе жатканын белгилешти. Димаш
2024-жылы аталган уюмдун аймактык «Ак ниет элчиси» болуп дайындалган. Андан
бери ал глобалдык деңгээлде мигранттардын укуктарын коргоо, коопсуз жана жөнгө
салынган миграция идеясын алдыга жылдыруу багытында эл аралык демилгелерди
колдоого катышып келет.
Өткөн
жылы БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин Казакстанга болгон сапарында
Димаш искусство аркылуу гуманитардык демилгелерди илгерилетүү боюнча өзүнүн көз
карашы менен тааныштырган. Димаш Эл
аралык миграция уюму менен кызматташтыгын кеңейтип, маанилүү иш-чараларды
өткөрдү. Мисалы, ал «Stranger» аттуу ыр кечесин Нью-Йорк, Мехико, Берлин
сыяктуу шаарларда өткөрүп, 100 миңден ашуун адамдын колдоосуна ээ болгон.
Көрүүчүлөр анын ар бир ыры жанга дабаа, жүрөккө эм экенин айтышат. Аткаруучу
дүйнөлүк «Ак ниет элчиси» наамын алуу чоң жоопкерчилик сезими менен кабыл алган
керемет сыймык экенин белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

