20 жылда 13 миң домбра. Казак улуттук музыкалык аспаптарын жасоо менен
алектенген чебер Алмас Мустафанын пикиринде, домбранын үнү күңгүрөп, кооз чыгышы үчүн
кесибиңди сүйүп, чыдамкайлык көрсөтүүң керек. Себеби бир аспапты жасап чыгуу
узак убакытты талап кылат, атүгүл жылдап жасалышы мүмкүн. Чанагын оюп,
тегиздөө, желимдөө, чекти тартуу – мунун бардыгы татаал жумуш. Мисалы, бул
домбраны жыгач чебер беш жылдан бери жасап келет, буйрутма берүүчү да аны
шаштырбайт. Бир өзгөчө аспапты чебер атайын Якутиядан алынып келинген мамонт
сөөктөрү менен кооздоого ниеттенүүдө.
- Бул колуңуздагы сөөк, 40 миң жыл мурун жаралган, мурда эч ким жасабаган,
мамонттон эч ким мындай нерсе жасаган эмес.
Республика боюнча формасынын өзгөчөлүгү менен айырмаланган төрт гана домбра
бар.
Алмас Мустафа, домбра чебери:
- Бул тамчы формасы. Бул Батыш Казакстанда, ушул форманын негизинде Ахмет
Жубанов атабыз бизге бул домбраны тааныштырды. Бул 48 размер, эмен жыгачынан
куралып жасалган. Азыр биз ойноп жүргөн классикалык домбра.
Чебердин шаймандарынын жыйнагында көздүн жоосун алгандары аз эмес. Мисалы, бул домбра Алмастын колунан чыккан жүзүнчү аспап, ал аны 20 жыл мурун жасаган. Музыкалык аспапта оймо-чиймелер бар. Ал талаа менен үндөшүп ырдайт, дейт кол өнөр чебери. Чеберчиликтин сыры - ар бир аспапты жасоодо жыгачты жүрөк менен сезүү. Жыгач кээде сүйлөбөйт, кээде дароо үн чыгарат. Чебер мындай тактайларды жылдар бою сактайт. Айта кетели, келечекте Алмас Мустафа улуттук аспаптар музейин ачууга ниеттенүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

