«Идеядан мультфильмге чейин».
«Казак анимациясы» чыгармачылык бирикмеси Маданият министрлиги жана
«Казакфильм» киностудиясынын колдоосу менен билим берүү программасын ишке
киргизди. Чеберчилик сабактарында сторителлинг жана визуалдык баяндоо,
анимациялык дүйнө куруу жана каржылык пландаштырууну өздөштүрүүгө болот.
Таанып-билүү долбооруна Финляндия, Канада, Франция жана Армениядан билимдүү
адистер тартылган.
София Горя, Режиссёр,
окутуучу /Франция/:
- Мен
Өзбекстан, Франция, Орусия жана Казакстан сыяктуу ар кайсы өлкөлөрдө
воркшопторду өткөрдүм. Мен кызыктуу окуяларды жаңы идеяга айландыруунун ар бир
мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого аракет кылам. Бул мага чоң ырахат тартуулайт.
Мага Казакстанда, Алматыда бир топ жашоо бактысы буюрду. Адамдарына жана
маданиятына суктандым. Көңүлүмө жаккан өлкөгө кайрадан келип, кызыктуу
долбоорлорду ишке ашыргым келди. Бул мүмкүнчүлүк ишке ашты. Астанада анимацияга
кызыккан ар бир адам бул воркшопко катыша алат.
Программада
документтик анимацияга басым берилди. Ошондой эле пластилинден жана кагаз
техникасынан баштап 2D жана 3D-графикага чейинки форматта ар кандай сыноолор
жасалды. Долбоор Казакстандагы анимация тармагын өнүктүрүү жана тармак адистери
үчүн кесиптик билим берүү чөйрөсүн калыптандырууну көздөйт. Иш-чара
катышуучулардын чыгармачылык дараметин ачып, уникалдуу тажрыйба топтоого өбөлгө
түзөт.
Анель
Ли, Зd-аниматор:
- Мен
документалдуу анимацияны эч качан билген эмесмин, чынында үч күн мурун эле
кызыгып калдым. Анткени мында ар кандай стилдер бар, 3Д менен 2Д, желимден кагаз
кесиндиси менен же оригамини кандайдыр бир буюмдар менен, жада калса кездеме
менен бириктирүүгө болот. Ушул процесс менен жыйынтыгы көздүн жоосун алат. Өтө
кызыктуу. Анимация канчалык жөнөкөй болсо, ал адамдардын жүрөгүнө ошончолук тез
жетет.
Мастер-класстар тогуздун айынын 11не чейин уланат. Ага
каалаган адам катыша алат. Бүгүнкү күндө жүздөн ашык адам бул окуу курсун
өздөштүрүп чыкты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

