Венгрияда Алматы музейинин «Казакстандын көчмөндөрү: өткөнү менен бүгүнкүсү» аттуу көргөзмө ачылды

Казак элинин бай тарыхы жана маданияты Венгрия элине тааныштырылды. Карцаг шаарынын өнөр музейинде көргөзмө ачылды. Ал жетинин айынын 20на чейин созулат. Экспозицияда Алматы музейлер бирикмесинин фонддорунан 200дөн ашык уникалдуу экспонаттар сунушталган. Алардын арасында Абай Кунанбай уулунун домбрасы, XIII кылымдын күмүш тыйындар, кылым карыткан зер буюмдар, ат жабдыктар, Алматынын тубаса табияты менен заманбап көрүнүшүн чагылдырган фото-сүрөттөр бар. Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чара эки өлкө ортосундагы маданий байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө дем берет.

Шандор Бене, Карцаг шаарынын тургуну, Венгрия:

– Биз элдерибиздин ортосундагы тыгыз байланышты көрсөткөн көптөгөн экспонаттар менен тааныштык. Бул көргөзмө биздин жалпы салттарыбызды, баалуулуктарыбызды жана маданиятыбызды баса белгилейт. Мен мунун бардыгын кызыктуу жана жагымдуу сездим. Мындай агартуучулук көргөзмөлөрдүн аркасында жаштар казактар менен венгрлер боордош элдер экенин билишет. Биз Карцагда, каада-салттарыбызды жандандыруу үчүн, балдарды ат спорттук ийримдерге беребиз. Ал эми бул көргөзмө аркылуу биз ата-бабаларыбызды байланыштырган жашоо образын сөз менен эмес, конкреттүү мисалдар менен көрсөтө алабыз.

Аскар Беков, Будапешт шаарынын тургуну, Венгрия:

– Бул жерде Алматы шаарындагы биргелешкен музейлердин чоң көргөзмөсү өтүп жатат деген угуп атайын келдик. Мекенге болгон сагынычты тарткаттык десек болот. Анда түрдүү экспонаттарды көрүүгө болот. Алардын келип чыгуу тарыхын билдик. Айрыкча Хаким Абайдын домбрасын көрүп, каадимкидей таасирлендик. Мындай көргөзмөлөрдү тез-тез өткөрүп турганы Венгрия элине гана эмес, Казакстан элине да пайдалуу деп эсептейм. Анткени ал аркылуу туристтер келе башташат. Биздин өлкөгө болгон кызыгуу ойгонот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков