«Digital Nomad Visa»: Казакстанга IT адистерин тартуу

«Digital Nomad Visa»: Казакстанга IT адистерин тартуу

Казакстанда визанын жаңы түрү пайда болот. Учурда Санариптик өнүктүрүү министрлиги IT адистери үчүн атайын уруксат документти иштеп чыгууну талкуулап жатат. Мекеме Digital Nomad Visa долбоору ата мекендик IT рыногун өнүктүрүү үчүн алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн эл аралык адистерди тартууга жардам берерине бекем ишенет. Ошондой эле, жаңы система билими жана көндүмдөрү бар ата мекендик тажрыйбалуу кадрлардын кайтып келишине түрткү берет. Бул түздөн-түз санариптик чөйрөгө эмес, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо, өндүрүш, спорт жана маданият тармагындагы квалификациялуу адистерге да тиешелүү болот. Эске сала кетсек, президент 2026-жылга чейин IT-экспортту 1 миллиард долларга жеткирүү максатын койгон. Казакстан  өнүккөн чыгармачыл экономикасы бар маалыматтык технологиялардын борборуна айланууга тийиш.

Алишер Шиманов,  Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин департамент башкармасынын башчысы:

- Бүгүнкү күндө биздин министрлик бул тармакка IT адистердин, баалуу кадрлардын келиши жана жайгаштырылышы үчүн мыкты шарттарды түзүү боюнча жигердүү иш алып барууда. Учурдагы кырдаалды эске алуу менен мындай визаны жасоо Казакстандын экономикасына чоң пайда алып келет. Учурда өлкөдө маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын ылдам өсүүсү байкалууда. Бүгүнкү күндө көптөгөн эл аралык компаниялар жана дүйнөлүк IT индустриясы Казакстанды өз ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн ыңгайлуу деп эсептешет. Андыктан өлкөдө IT адистерине суроо-талап күч алууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков