Президент ТКО акимин кабыл алды

Президент ТКО акимин кабыл алды

Түндүк Казакстан облусунда 469 миллиард теңгеге бааланган 39 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Анын 15 быйыл пайдаланууга берилет.  Бул тууралуу облус акими Гауез Нурмухамбетов Президент Касым-Жомарт Токаевге билдирди. Ал эми агрардык тармакта 80 миллиард теңгелик 27 долбоор пландалган. Учурда 13 сүт фермасынын курулушу жүрүп жатат, анын 6 жыл аягына чейин ишке кошулат. Жаңы долбоорлор аймакты куш эти, сүт азыктары жана жашылчалар менен камсыз кылууга шарт түзөт. Ошондой эле, аймак башчысы кошумчалагандай, дыйкандар быйыл 3,7 миллион тонна дан жыйнады.  

Гауез Нурмухамбетов, Түндүк Казакстан облусунун акими:

- Түндүк Казакстан облусунда негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасы сакталууда. Негизги капиталга салынган инвестициянын көлөмү 20 пайызга өстү. Өсүү ыргагы курулуш индустриясында, өнөр жайда жана турак жайларды пайдаланууга берүүдө байкалды. 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков