Анын максаты – казакстандыктарга жергиликтүү таланттардын ийгиликтери тууралуу айтып берүү. Иш-чаранын уюштуруучусу «Kazakh Tourism» компаниясы. Анын өкүлдөрү жаштарды жаратмандыкка жана коммерциялаштырууга шыктандырган мындай жолугушууларды эми үзгүлтүксүз, айына бир жолу өткөрүлөөрүн убада кылышты. Креативдүү туризм департаментинин жетекчиси Ирина Харитонованын айтымында, казакстандык жаштардын чыгармачылыгына стандарттуу эмес мамиле кылуу өлкөнү дүйнөлүк аренада таанымал кылууда. Ал эми тармактын жаркын өкүлдөрү жаштарга үлгү болушу керек.
Ирина Харитонова, KAZAKH TOURISMдин креативдүү туризм департаментинин мүдүрү:
- Бул балдар азыр расмий түрдө Казакстандын креативдүү индустриясынын элчилери. Бул эмнени билдирет? Биз аларды колдоп, жергиликтүү жана эл аралык рынокто алдыга жылдыруу үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз. Алар өздөрүнүн чыгармачылыгы аркылуу биздин өлкөбүздү таанытып, Казакстандын чыгармачыл тармактары ушунчалык уникалдуу, чексиз экенин эл аралык аренада жайылтат. Улуттук өзгөчөлүктү сактоо ураан биздин улуттук кодубуз болгон креативдүү индустрия аркылуу калыптанат.
Адилхан Дюсембаев – өлкөнүн креативдүү индустрия элчилеринин бири. 10 жылдан ашык убакыттан бери видео, сүрөткө тартуу жана монтаждоо менен алектенет. Талантынын, эмгекчилдигинин жана өжөрлүгүнүн аркасында азыр дүйнөлүк бренддер жана атактуулар менен кызматташып жатат.
Адильхан Дюсембаев, Казакстандагы креативдүү индустриянын элчиси:
- Менимче, азыр өзүн ачып, өзүн көрсөтө алган таланттар көп, алдыга эч кандай чек коюунун кажети жок. Менден көбү кеңеш сурап келишет. Мен аларга бүт дүйнө биздин алдыбызда, эч нерседен коркпош керек жана эч бир нерсе менен чектелбегиле деп айтаар элем. Мен эки-үч жыл мурун режиссерлорго кат жазгам, алар мага жооп беришкен жок, эки-үч жылдан кийин алар мага жооп беришти. Учурда алар мага жазылып, биргелешкен долбоорду сунуштап жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков