Жерди пайдаланууга берүү жараяндары санариптештирилет. Бул маселени чечүү үчүн өлкөдө атайын мыйзам долбоору иштелип жатат. Азыркы учурда бул жаатта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санарипке өткөрүү боюнча документ Парламент Мажилиси депутаттарынын кароосунда турат. Бул тууралуу Жер реформасы боюнча комиссиянын биринчи отурумунда айыл чарба министри Сапархан Омаров билдирди. Анын айтымында, андагы негизги максат жер алуу жараянында кагаз колдонмолорун жоюу. Ага ылайык, жер тилкесин бөлүштүрүү электрондук түрдө жүргүзүлөт. Мыйзам долбоорунун алкагында жер комиссиясы институтун жоюу сунушталууда. Ал эми жердин корголушун мамлекеттик көзөмөлдү жакшыртуу боюнча мыйзам долбоору алкагында пайдаланылбай жаткан жерлерди кайтарып алуу мөөнөтүн 3 жылдан 1 жылга чейин кыскартуу көздөлгөн. Белгилей кетсек, былтыр пайдаланылбай калган айыл чарба жерлер үчүн салыктын өлчөмү 10дон 20 эсеге чейин көбөйтүү нормасы кабыл алынды.
Сапархан Омаров, Казакстандын Айыл чарба министри:
- 2020-жылдын үчтүн айынан баштап Акмола, Чыгыш Казакстан, Костанай жана Маңгыстау облустарында айыл чарба жерлерин космостук мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоор ишке кошулду. 2020-жылдын бештин айындагы абал боюнча аталган аймактарда пилоттук долбоор аяктады. Космостук байкоонун жыйынтыгы боюнча, пилоттук аймактарда 8,3 миллион гектар аныкталды, бул негизинен 7,6 миллион гектар жайыт, 0,7 миллион гектар айдоо аянтындагы жерлер. Анын ичинде 2,2 миллион гектары айыл чарбасынын пайдалануусуна, 2,6 миллион гектары мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Министрдин айтымында, быйылтан тарта жерди космостон байкоо жүргүзүү өлкөнүн бардык аймактарында колдонула баштады. Ошондой эле, мекеменин башчысы коомдо жерге байланыштуу кызуу талкууланган пикирлерге дагы бир жолу жооп берди. Анын айтымында, айыл чарба багытындагы жерлер чет өлкөлүктөргө жана чет элдиктер менен никеде турган жарандарга ижарага берилбейт. Буга мыйзам тарабынан тыюу салынган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков