Быйыл Сырдарыяда суу көбөйүп, дыйкандар күзгү жыйноодо мол түшүм алууну
көздөшүүдө. Дыйкандар 191 миң гектар аянтка айыл чарба өсүмдүктүктөрүн эгишкен.
Анын 83 миң гектары күрүч. Өткөн жылы ар гектардан орто эсеп менен 49
центнерден өнүм жыйналган. Быйыл бул көрсөткүчтөн артык болбосо да, кем болбойт
дешет адистер. Учурда Сырдарыя өзөнүнөн Кызылорда облусуна секундасына 650 метр
куб суу агып кирүүдө. Ушул айдын аягына чейин дыйкандар күрүчтүн суусун сордура
башташат. Ошондуктан кичирээк Аралга жана ага жакын жайгашкан көл-көлмөлөргө
көп көлөмдөгү суу жиберилип, кургак талаага да жан кирет.
Кайратбек Сарсенбаев, Арал-Сырдарыя бассейиндик
инспекциясынын башчысы:
-Арал деңизин сактоо деген глобалдык маселе бар. Былтыр
Арал деңизине келген суу жай айларында 6-7 кубдан ашкан эмес. Бүгүнкү күндө бир
айдын көлөмүндө 65 куб суу берилип жатат. Мындан ары 100-200 куб метрге
жеткирип, белгилегенген болжолду аткарабыз деген ойдобуз.
Акыркы
жылдардагы суунун тартыштыгынан кийин Сырдарыя дыйкандары азык-түлүктү үнөмдөөгө
үйрөнүштү. Мисалы, ашып калган
суу мурда кайра пайдаланылчу эмес. Азыр дыйкандар атайын техниканын жардамы
менен бул сууну бир нече жолу керекке
жаратышат. Аймактагы дыйкандар коомчулугу да жаадырып,
тамчылатып сугаруу ыкмасын жакшы өздөштүрүшкөн. Мындай шарттар азыр бардык
базалык чарбаларда бар.
Ерсултан Апетов, облусттук айыл чарба жана жер мамилелери
башкарма башчысынын орун басары:
-Суу үнөмдөөчү
технологияларды кабыл алып, азыркы учурда жаадырып, тамчылатып сугаруу менен
дан жүгөрү жана беде, ошондой эле бакча өсүмдүктөрүн тамчылатып суугаруу жүргүзүлүүдө.
А бул азыр 4 миң 200
гектардан ашты, ал эми келерки
жылы дагы көбөйтүүнү пландап жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков