Быйыл Шымкенттен
Европа менен Азиянын 7 шаарына жаңы түз каттамдар ачылат. Алгач шаарды Мюнхен
жана Будапешт менен байланыштырган аба каттамы түзүлөт. Андан кийин учак
Шанхай, Сеул жана Каирге каттайт. Ал эми теке айында жүргүнчүлөр Сиань жана
Үрүмчүгө учак менен түз жете алышат. Азыр Шымкент аэропортунун жаңы терминалында
кошумча перрон жана учак үчүн унаа токтотуучу жайлар көбөйтүлдү. Жалпысынан бул
каттамдардын ачылышы Шымкенттин эл аралык аба хабын өнүктүрүү программасына дем
берет.
Бексултан Адилханов,
Шымкент шаардык туризм, тышкы байланыштар жана креативдүү индустрия башкармалыгынын
жетекчиси:
- Жыл башынан бери
шаарга 6 миңге жакын чет элдик турист келген. Бул «ЕQonaq» маалымат порталынан
алынган маалымат. Ушул биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча чет элдик
туристтердин саны өскөн. Түз каттамдардын ачылышы менен Европа өлкөлөрүнөн көп
сандагы туристтердин келишин күтүп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

