Транспорт кыймылы кыйындады

Транспорт кыймылы кыйындады

Коопсуздук максатында 63 автожол бөлүгү жабылды. Анын ичинен 27си республикалык мааниге ээ. Жолдорду тазалоого 500дөн ашык техника тартылган. Кар алдында калган 300дөн ашык жүргүнчү куткарылды. Маселен, Түргөн капчыгайына барган 92 адам куткарылды. Анын ичинде 8 бала болгон. Ошондой эле, Караганды-Балкаш унаа жолунда 30 жүргүнчүнү ташыган автобус кардын астынан чыгарылды. Айланма жолго чыгып, адашып калган автобустун айдоочусу КазАвтоЖолдун бирдиктүү байланыш борборуна кайрылып, жардам сураган. Өскемен-Шемонаиха жолунда калып кеткен Орусиянын 12 жараны да куткарылды. Анын ичинде 2 бала бар. Синоптиктердин маалыматы боюнча, бүгүн да өлкөнүн айрым аймактарында кар аралаш бороон жана жолдор тайгак болушу мүмкүн. Андыктан адистер шаар тургундарын алыс сапарга чыкпоого чакырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков