Актөбө облусунун Ыргыз районундагы Жаманшин кратер аймагы экотуризмди өнүктүрүүгө эң керектүү объект болуп саналат. Бул кратер болжол менен бир миллион жыл мурун асман телосунун кыйрашынан пайда болгон. Окумуштуулардын божомолу боюнча диаметри 400 метр болгон метеорит жер менен кагылышкан кезде чоң жарылуу болуп, цельсий боюнча 1700 градус ысык температурага чейин жеткен. Натыйжада жердин кыртышы тез эле күлгө айланып, асманга учкан кээ бир бөлүкчөлөрү жамгырдай жааган. Учурда кратердин 7 чакырымдай аймагында бир же эки тоо кыркалары кездешет. Ал эми иргизиттер менен жаманшиниддердин саны кескин түрдө азайган. Ошондуктан коргоого алып, туристтик объект катары гана колдонуу маанилүү.
Айымгүл Оразымбетова, Ыргыз айылдык окуругунун акими:
- Орусиядан көп келет. Жайында ушул жерде бир нече сутка жатып, эс алып, энергия алып кетет. Ошондуктан, биз бул жаманшин метеорит кратеринин келечеги абдан чоң деп ойлойбуз. Азыркы учурда бул аймакка республиканын бир аз гана колдоосу абдан маанилүү болуп турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков